Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Азербайжандан кара май ташуу каралууда


Кыргызстан Азербайжандан кара май ташып келүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүү үч айдан бери жүргүзүлүп келатат.

Эгер азербайжандык мунай ички рыногуна делген баасы боюнча берилсе, кыргыз тарап сатып алууга даяр. Эгер экспорттук баа менен сата турган болсо, аны алуунун кажети жок. Азербайжан тарап Кыргызстанга жылына 300 миң тонна бергенге мүмкүнчүлүгү бар экенин айтууда. Аны ташып келүүнүн үч жолу бар – Түркмөнстан, Казакстан жана Орусия аркылуу.

Акенеевдин билдиришинче, Кыргызстан бир жылда 1 миллионго жакын күйүүчү-майлоочу май керектейт. Учурда кара майды Орусиядан гана алат. Быйыл ал жактан ташуу бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. Ошондуктан Орусиядан башка да мамлекеттерди издеп жатат.

Азербайжандан кара май алуу маселесин алгач быйыл жазында Анкарада (Түркия) өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде кыргыз, азербайжан президенттери Роза Отунбаева менен Илхам Алиев талкуулашкан. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG