Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Аба ырайы: 19-ноябрда жаан-чачын күтүлөт


Шашылыш билдирүү
Ноябрдын 18-21-де күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо түнкүсүн кар көчкү жүрүүчү аймактарда жол жүрүүнү токтотуу сунуш кылынат.

Аба ырайы
19-ноябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт, айрым жерлерде катуу жаайт. Тоолуу аймактуу жолдордо кар күрткүсү, тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5,
Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз -1...+4,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз 1...6 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 1...6 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз -1...+4,
Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1.
Тоолордо түнкүсүн -10...-15 градус, ал эми күндүз -8...-13.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы түнкүсүн 1 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу, күндүз 3...5 градус нөлдөн жогору болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG