Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Кудайбердиев казак тарап Кыргызстандан кечирим сурайт деп эсептейт


"Гранатомет Кыргызстандан келди деген туура эмес сөз. Мен ойлойм, убакыт келет, изилдөө иштери такталат да алар бизден кечирим сурайт деп", - деди бүгүн журналисттерге Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев.

Министрдин айтымында, Тараздагы террордук чабуулда колдонулган РПГ-26 гранатомету Кыргызстандан алынган деген сөздөр чындыкка жатпайт:

- РПГ-26 Коргоо министрлигинде гана болот. Алар биздин складдарда турат. Биз аларды 7-апрелде дагы, июн окуяларында дагы колдонгон эмеспиз. Андай РПГ-26 Өзбекстанда да бар, Ооганстанда да бар, Казакстандын өзүндө да бар.

12-ноябрда Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарында болгон террордук чабуулда 7 адам набыт болгон. Жамбылдын ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги бул чабуулда колдонулган РПГ-26 гранатомету Кыргызстандан келиши мүмкүн деген жоромолун айткан. Мындай божомолдун негизсиз экенин бүгүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да билдирди. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG