Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

Жалал-Абадда пахта терүү токтоп турат


Аба ырайынын муздашына байланыштуу жалалабаттык дыйкандар пахта талаасындагы жумуштарды толук бүткөрө албай жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук бийликтин айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, эки жумадан бери жаап жаткан жамгыр жана кардан улам пахта талааларында иш токтоп калды. Мунун натыйжасында күзгү айдоо иштери да кечеңдеп жатат. Айрым жерлерде пахтанын акыркы теримдери да аткарылбай калган. «Жыл сайын бул маалда пахта терими бүткөрүлүп, жер айдоо иштери ортолоп калаар эле. Бирок мүмкүнчүлүк болушунча кышкы чилдеге калтырбай, баардык жумуштрды аткаруу аракеттери көрүлүп жатат»,- дейт Жаныбек Омоналиев. Быйыл облус боюнча 21 миң 5 жүз гектар жерге пахта эгилген. Андан 65 миң тоннага жакын пахта терилген. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG