Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

КТРКнын Байкоочу кеңешин колдогон пикет өтүүдө


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров уюштурган пикет өтүп жатат. Анын "Азаттыкка" билдиришинче, парламент Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешинин азыркы курамынын таркатылышына алып келе турган мыйзам долбоорун кабыл албашы керек.

Мамлекеттик телерадиоканал өлкөдөгү былтыркы бийлик алмашуудан кийин коомдук болуп кайра түзүлгөн. Анын Байкоочу кеңеши ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде куралган. Ошол себептен парламенттеги айрым депутаттар анын таркатылышына алып келе турган мыйзам долбоорун сунуштап жатышат.Байкоочу кеңештин жетекчиси Эльвира Сариева муну айрым адамдардын жеке кызыкчылыгынан улам жасалып жаткан аракет экенин айткан.

Токтонасыров "Байкоочу кеңеш тараса, Жогорку Кеңеш да тарасын" деген жазууну кармап турат. (RK)

XS
SM
MD
LG