Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Кара-Кулжа: Кооптуу жерлерден карды аткылап түшүрүшөт


Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин буйругу менен 18-19-ноябрь күндөрү Ош облусунун Мырзаки – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолдорунун кар көчкү коркунучу бар участокторун жеринде изилдеп тактоо үчүн атайын ыкчам топ түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Кароо өткөрүлгөндөн кийин зарыл болгон аймактарда кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. 16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 45-чакырымдан 95-чакырымына чейин кардын оор жаагандыгына байланыштуу убактылуу жабылган. Кар көчкү астында бир адам калып, каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG