Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Нью-Йорк: "Уолл-стритти басып ал" акциясына 20 миң адам катышты


Бейшембиде "Уолл-стритти басып ал" акциясына катышкандар бул нааразылык иш-чаранын башталганынын 2 айлыгын белгилешти. Нью-Йорктун Бруклин көпүрөсү аркылуу өткөн жүрүшкө 20 миң киши катышып, тынч маанайда болду.

Ага чейин акциянын айрым катышуучулары Нью-Йорк биржасынын имаратын тосмого алып, «Биржа жабык», «Бул кимдин көчөсү? Биздин көчө», «Биз 99 пайызбыз» деп кыйкырышты. Нааразылыктын катышуучулары полиция, имараттын коопсуздук кызматкерлери менен кагылышты. Эки жүзгө чамалуу киши кармалды.

Мындай акциялар Испания менен Грекияда дагы өттү. Лондондо Ыйык Павел чиркөөсүнүн алдындагы чатырларды тигип алгандар аянттан кетүүдөн бар тартышты. Эми шаардык бийлик сотко кайрала турган болду.

XS
SM
MD
LG