Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Филиппинде экс-президент Глория Арройо камалды


64 жаштагы Глория Арройо коррупциялык иштерге катыштыгы бар жана шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган деп айыпталып ооруканада жаткан жеринен камакка алынды.

2007-жылы Арройонун көрсөтмөсү менен парламенттик шайлоонун жыйынтыгы президенттик тарапкерлердин кызыкчылыгана бурмаланганын тергөө иштери аныктаган. Ошондой эле экс-президент мамлекеттик каражатты ыксыз пайдаланган деп шектелүүдө.

Глория Арройо өзүнө тагылган айыптарга макул эмес.

Ал 2001-10-жылдары Филиппиндин мамлекеттик бийликтин башында турган. Тергөө башталганда, экс-президент айым чет өлкөгө барып дарыланып келүүнү өтүнгөндө өкмөт макулдук берген эмес.

XS
SM
MD
LG