Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

БУУ Сауд Арабиянын элчисине байланыштуу кутумду сындады


Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Сауд Арабиянын Вашингтондогу элчисине байланыштуу кутумду сындады. Кошмо Штаттардын маалымдашынча, бети ачылган кутум Ирандын көмөгү менен уюштурулган. Расмий Тегеран ага эч кандай тиешеси жок экенин ырастоодо.

Улуттар Уюму жума күнү колго салган резолюцияны 106 өлкө колдоп, 9 өлкө каршы добуш берди. 40 мамлекет, анын ичинде Орусия добуш берген жок. Бул резолюция Иранды түздөн-түз айыптабайт, бирок эл аралык мыйзамдарды урматтоого жана кутумду иликтеген тергөөчүлөр менен кызматташууга үндөйт.

Ирандын БУУдагы чабарманы Мухаммед Хазаи Башкы ассамблеянын резолюциясын “Иранга касташкан тараптын далилденбеген ырастоосуна негизделген” деп баа берди. АКШ саудиялык элчиге каршы кутум даярдаган эки ирандыктын бири кармалганын октябрда жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG