Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Лоя Жырга 2014-жылдан кийин НАТОнун Ооганстанда калышына каршы


Ооганстандын Лоя Жырга - Улуттук ассамблеясы Кошмо Штаттардын узак мөөнөткө коопсуздукту камсыздоого көмөктөшүүсүн жактырды. Мындай резолюция ишемби күнү Кабылда аяктаган төрт күндүк жыйында кабыл алынды.

2014-жылы Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн негизги бөлүгү чыгып кетет. Лоя Жырга 2014-жылдан соң америкалык күчтөрдүн Ооганстанда калуусуна ынанган жок жана коалициялык күчтөрдүн түнкү жортуулдарын тез токтотууну талап кылды.

Бүгүн таңга жуук Газни провинциясында түнкү черүүдө жүргөн чет элдик аскерлер эки ооган полициячыны жаңылыш атып салышкан.

XS
SM
MD
LG