Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Сирияда БААСтын кеңсеси аткыланды


Сирияны башкаруучу БААС партиясынын Дамаскидеги баш кеңсеси кеминде эки жолу гранатомёттон аткыланганын калаа калкына жана күбөлөргө шилтеп, маалымат булактары кабарлашты. Бул кабар ырасталса, бул мартта өкмөткөкаршы козголуш башталгандан берки өлкө борборундагы биринчи чабуул болот.

Президент Башар Ассад британдардын Sunday Times гезитине курган маегинде эл аралык кысымга карабастан, “тизе бүгүп отуруп калбайт” жана "Сирия үчүн урушуп өлгөнгө даяр". Арап Лигасынын бийликке каршы көтөрүлгөн элди кан төгүп басууга берген ультиматумунун мөөнөтү аяктаганы менен аскерлердин зомбулугу уланууда. Сириянын адам укугун байкоочу уюму ишемби күнү аскерлер менен тирешүүдө бери дегенде 14 киши набыт болгонун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG