Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Каирдин ортосундагы Тахрир аянтында тирешүүлөр уланууда


Уруштун чыгышына 19-ноябрда Египеттин бир катар шаарларындагы көчө жүрүшү учурунда демонстранттар менен полиция ортосунда болгон кагылышта эки адамдын өлгөнү шыкак болду. Элдик нааразылык экономикалык өсүү басаңдап, саясатчылар Конституциянын долбоору боюнча мунаса таппай жатканда утурумдук аскерий жетекчилик реформаны кечеңдетүүдө деген кооптонуулардан улам күч алган.

Өкмөттүк МЕНА жаңылыктар агенттигинин дарыгерлерге шилтеп кабарлашынча, полиция демонстранттарды таркатуу үчүн аткан желим октордон 19-ноябрда 680га жакын адам жараат алган. Кырдаал Египет өкмөтүнүн бүгүнкү кезексиз жыйынында талкууланат. 28-ноябрда Египетте парламенттик шайлоо башталат.

XS
SM
MD
LG