Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Азербайжанда журналистти бычактап кетишти


Белгилүү Азербайжан жазуучусу жана журналисти, исламдын сындоочусу Рафик Тагини Бакуда бычактап кетишти. “Азаттыктын” Азери кызматынын билдиришинче, арт жагына жана мойнуна беш ирет бычак урулган жазуучу азыр ооруканада жатат. Атын атабаган дарыгердин сөзүнчө, Рафик Тагинин өмүрүнө коркунуч жок.

2007-жылы Баку шаар соту жазуучуну исламды жана Мухаммед пайгамбарды сындаган макаласы үчүн үч жылга эркинен ажыраткан. Айтылган макала жарыялангандан кийин ирандык Аятолла Фазел Ланкарани азери журналистти айыптаган фатва чыгарган.

XS
SM
MD
LG