Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:33

Берлинде кыргыз кинолору көрсөтүлүүдө


Германиянын борбору Берлинде кыргыз киносунун 70 жылдыгына арналган фестиваль өтүүдө. Кыргыз-немис маданий борбору уюштурган бул фестиваль бейшемби күнү Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасы менен ачылды.

Борбордун кызматкери Ширин Маданованын “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз киносуна арналган жумалыкта Болот Шамшиевдин “Ак кеме”, Эрнст Абдыжапаровдун “Боз салкын”, орус-совет киночеберлери Ирина Поплавскаянын “Жамиля”, Андрей Михалков Кончаловскийдин “Биринчи мугалим”, ошондой эле кыргыз режиссерлору тарткан кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG