Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Азербайжандык журналистке кол салуу боюнча кылмыш иши козголду


Азербайжан бийликтери белгилүү жазуучу-журналист Рафик Тагиге кол салуу боюнча кылмыш ишин ачты. "Азаттыктын" Азери кызматы билдиргендей, ишембинин кечиндеги Бакы калаасындагы бычактоодон кийин Таги ооруканада кала берүүдө.

Жазуучунун аялы жана уулу кечээ полицияда сурак берди. Төрт саатка созулган операциядан кийин дарыгерлер Тагинин өмүрү коркунучта эмес экендигин бышыкташты.

2007-жылы Бакы калаасынын райондук соту Тагини анын алдыңкы жылдагы ислам динин жана Мохаммад пайгамбарды сындаган деп саналган макаласы үчүн үч жылга кескен эле. Ал макаладан кийин ирандык улук аятолла Фазел Ланкарани Тагинин өлтүрүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG