Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Аба ырайы


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-ноябрга чейинки жаан-чачындан улам тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана жолдордун тайгак болуусу мүмкүн экенин эскерткен. Аталган министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так кармоону, таш жолдордо жана кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жол жүрүүнү токтотууну сунуштады.

Бүгүн Кыргызстанда айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы өлкө боюнча 6дан 13 градуска чейин жылуу, Ысык-Көл менен Нарында нөлдөн алты градуска чейи жылуу болот.

Тоолордо суук минус тогузга чейин жетет.

Бишкек шаарында бүгүн жаан-чачын күтүлбөт. Сыдырым жел согот. Абанын температурасы 9…11 градус жылуу болот. JCH

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG