Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Карды аткылап көчүргөнү жатышат


Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрлигинин кызматкерлеринен турган топ Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа, Алайкуу жана Мырзаке райондорундагы кар көчкү коркунучу бар делген жерлерди иликтөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, адистер кооптуу жайлардагы карды аткылап түшүрүшөт.

16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 45-чакырымдан 95-чакырымына чейин кардын оор жаагандыгына байланыштуу убактылуу жабылган. Кар көчкү астында бир адам калып, ажал тапты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG