Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Саясый туруктуулук маселеси талкууланып жатат


Ушу тапта Бишкекте Кыргызстанда саясый туруктуулукту камсыз кылуу маселесине арналган талкуу жүрүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ага президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев, вице-премьер-министр Шамил Атаханов, саясый партиялардын лидерлери, саясат таануучулар, ЕККУнун өкүлдөрү, Коррупцияга каршы кеңештин, Ишкерлер кеңешинин жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарованын пикиринде, өлкөдөгү мындан аркы туруктуулук жаңы президенттин жүргүзгөн кадрдык саясатына жана майзамдар менен иштешүүсүнө жараша болот.

Талкуунун катышуучусу, саясат таануучу Тамерлан Ибраимов эгерде жарым жыл ичинде жаңы президент элдин ишенимине татый албаса, коомдо нааразылык башталышы мүмкүн.

Вице-премьер-министр Шамил Атаханов Кыргызстандагы туруктуулукту камсыз кылууда парламенттин да ролу зор экенин айтты. Себеби, анын айтымында, бир маселе боюнча парламентте үч башка комиссия түзүлүп, алардын кайсынысынын чечимин аткарыш керек экенин билбей, өкмөт оңтойсуз абалда калган учурлар болгон. (MiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG