Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Маркум Айдаралиевдин жакындары митингге чыгышты


"Тумар" радиосунун үн режиссеру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө күнөөлүү адам жазасын алыш керек. Ушундай талап коюп, ушул тапта Башкы прокуратуранын алдында 30дай адам турат. Алар - Айдаралиевдин жакындары жана кесиптештери, деп билдирет "Азаттыктын" кабарчысы. Митингчилер Айдаралиевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин Баш прокуратура өз көзөмөлүнө алуусун талап кылып жатышат.

Милициянын айтымында, 16-октябрда таңга жуук Бишкектин "Мото" борборунун кире беришинде Айдаралиевди Максат Эралиев деген жаран катуу ур-токмокко алган. Мээсине доо кеткен Айдаралиев ооруканада өзүнө келе албай жатып көз жумган. Кылмышка шектүү делген Эралиевди Бишкектеги Тергөө абагына камоо чечими кабыл алынган. Бирок азырынча ал кармала элек. Кылмыш ишин Бишкек шаардык милициясы иликтеп жатат. (MiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG