Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Отунбаева АКШга жөнөп кетти


Президент Роза Отунбаева иш сапары менен АКШга жөнөп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

21-23-ноябрда Отунбаева БУУнун Баш катчысынын чакыруусу менен Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Тынчтык куруу фондусунун жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат.

Максат – Кыргызстандын Тынчтык куруу фондусунун алкагында ишке ашырып жаткан жана тынчтыкты бекемдөөгө, туруктуу өнүгүүгө кайтууга байланышкан демилгелерин жана долбоорлорун мындан ары да колдоого чакыруу.

Мамлекет башчысынын Нью-Йорктогу программасында АКШнын Колумбия университетинде профессордук-окутуучулук курамдын жана илимий-академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн алдында, ошондой эле "Asia Society" (Азиялык коомдоштук) эл аралык ассоциациясында белгилүү коомдук ишмерлердин, АКШ администрациясынын, дипломатиялык корпустун алдында чыгып сүйлөөсү, БУУнун жетекчилиги жана АКШ администрациясынын жогорку кызматтагы адамдары менен жолугушуусу каралган. Андан тышкары, мамлекет башчысынын АКШ журналисттери жана БУУнун Кабарчылар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG