Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

CAFMI: Казинолордун жабылышы 16 млрд сомдук чыгымга алып келет


Кыргызстанда казинолордун жабылышынан мамлекеттик бюджет жылына 16 миллиард сом жоготот. CAFMI - Борбор Азиялык эркин базар институту бүгүн ушундай маалымат таратты. Казинолорду жабуу тууралуу мыйзам күчүнө кирген учурда деле кумарканалар жашыруун иштей берет деген пикир да айтылды. Аталган уюмдун эсептөөсү боюнча, бул тармакта учурда 12 миңден ашуун адам эмгектенет. Алардын баары жумушсуз калуу коркунуч алдында калышты. Тыюу салуу боюнча мыйзамды кабыл алуу учурунда бир нече нормативдик акт жана бир эл аралык пакт бузулганы айтылды.

2012-жылдан тарта Кыргызстанда кумарканалардын ишине тыюу салуу боюнча мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдошкон. Ага президент кол койгон. Бирок ага чейин журналисттерге интервьюсунда мамлекет башчысы Роза Отунбаева кумарканаларды жабуу проблеманы чечпейт деген оюн айткан болчу.

Кумарчы болуп кеткен көптөгөн кыргызстандыктардын жакындары алардын азабынан митингдерге чыгып, өлкө жетекчилигине кумарканаларды жабуу өтүнүчү менен кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG