Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Египетте үч күндөн бери массалык демонстрациялар уланууда


Полиция Тахрир аянтын демонстранттардан тазалаганга аракет кылды, бирок нааразы эл бир сааттан кийин кайра чогулду. Каир, 20-ноябрь, 2010

Полиция Тахрир аянтын демонстранттардан тазалаганга аракет кылды, бирок нааразы эл бир сааттан кийин кайра чогулду. Каир, 20-ноябрь, 2010

Баш калаа Каирдеги борбордук Тахрир аянты полиция менен демонстранттардын кагылышууларынын очогуна айланды. Дал ушул аянт быйыл февралда узактан берки президент Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан окуялардын да чордону болгон.

Кабарларга караганда, өткөн түнү жүздөгөн элдин ташбаранына полиция, коопсуздук күчтөрү көздөн жаш чыгарчу газ жана желим ок менен жооп кайтарып жатышты.

Өткөн дем алыш күндөрдөгү тополоңдо кеминде 12 адам набыт болду, жүздөгөн киши жаракат алды. Зордукчул мүнөздөгү бул өңдүү уруш-талаш жумурияттын башка шаарларында да кайталанды.

Мунун баары Египетте Мубарак кулатылгандан берки алгачкы парламенттик шайлоо өтүшүнө бир апта калганда болуп жатат. Шайлоо 28-ноябрда башталышы керек.

Демонстранттар жаңы конституциянын долбоору азыркы аскерий жетекчилик шайлоодон кийин да бийликти ээлеп калышына жол берет деп чочулашат. Бийликтегилер муну четке кагышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG