Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:19

Коалициянын шайлоо боюнча арызын сот канааттандырган жок


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын БШКнын токтомун жокко чыгаруу боюнча көзөмөл арызын бүгүн Жогорку Сот канааттандыруудан баш тартты. Жарандык коом өкүлдөрү президенттик шайлоо учурунда Бишкектин Октябр району боюнча жыйынтыктарды дагы бир сыйра текшерүүнү талап кылышкан болчу. Биринчи май райондук соту алардын бул арызын колдобой койгондуктан, Жогорку Сотко кайрылышкан. Президенттик шайлоо 30-октябрда өттү. Анын расмий жыйынтыгын БШК 12-ноябрда жарыялап, шайлоо өттү деп эсептелээрин, анын жеңүүчүсү Алмазбек Атамбаев болгонун билдирген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG