Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Майыптар маселеси талкууланып жатат


Бүгүн Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде Кыргызстандагы майыптардын укугу боюнча маселе талкууланып жатат. 10дон ашык өлкөдөн келген элүүдөй адам Кыргызстанда БУУнун майыптардын укугу боюнча Конвенциясынын кабыл алынышы тууралуу пикир алмашып, талкуулап жатышат. Бул Конвенцияны Кыргызстан келерки жылы ратификациялаганы турат. Конференцияга катышып жаткан чет элдик эксперттер бул документтин пайдалуулугу жана эл аралык тажрыйбасы тууралуу маалымат беришет. Кыргызстанда 133 миңдей адам ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Быйыл 12-сентябрда Майыптардын укуктары боюнча Конвенцияны кабыл алган өлкөлөрдүн арасына Кыргызстан да кирген. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG