Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Административдик жоопко тартуу шарттары өзгөрдү


Президент Роза Отунбаева бүгүн Административдик жоопкерчилик боюнча Кодекске өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Анда адам укуктарынын сакталышы, жарандардын эмгек коопсуздугу жана социалдык камсыздалуусу, коомдук тартип жана коопсуздук жаатында административдик тартип бузуу фактылары аныкталган учурда жоопко тартуунун жол-жобосу жазылган. Айыппулдун суммасы көбөйдү, жазалоо чаралары катуулады. Бул боюнча мыйзам долбоору парламентте 14-октябрда кабыл алынган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG