Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Орусияда америкалык жубайлар Крейверлерге сырттан айып тагылды


Бүгүн Орусиянын Тергөө комитетинен кабарлашкандай, аларга Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланды.

Бир нече күн мурда АКШнын өзүндө Майкл жана Наннет Крейверлер Орусиядан асырап алган баласынын өлүмү боюнча 19 айга түрмөгө кесилишкен эле. Ишти кароо учурундагы камоодо алар жаза мөөнөтүн өтөп бүтүштү деп, эми бошотулушу керек.

АКШда аларды элдик калыстардын катышуусу менен өткөн сот (присяжныйлар соту) “баланын коопсуздугун коркунучка алып келчү жагдайлар үчүн күнөөлүү” деп таап, “атайылап баланы өлтүрүүгө аракет кылган” деген айыпты жокко чыгарган.

Соттолгондор болсо 2009-жылы көз жумган 7 жаштагы Ваня Скоробогатов “психикалык жактан оорулуу болгон” деп, “башын кокустатып уруп алган” дешкен.

Америкадагы соттун өкүмүн Москвада “өтө эле жумшак” деп табышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG