Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Азербайжанда бычакталган журналист кол салуу тууралуу айтты


Тагинин айтымында, ага жашы 30-35теги эки адам кол салган, Баку, 20-ноябрь, 2011
Тагинин айтымында, ага жашы 30-35теги эки адам кол салган, Баку, 20-ноябрь, 2011
Азербайжанда эки күн мурда белгисиз бирөөлөр сабап кеткен журналист Рафик Таги бүгүн өзүнө болгон кол салуунун айрым жагдайларын айтып берди.

“Азаттыктын” азери редакциясы кабарлагандай, Тагини ишембиде кечинде Бакуда үйүнө бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен. Ооруканада ага операция жасалып, көк боору алдырылды. Азыр догдурлар анын абалын туруктуу деп жатышат.

Бүгүн Таги полицияга айтканына караганда, ага беттери чүмбөттөлгөн эки адам кол салган. Алар эч нерсе айтпай эле бир нече жолу журналистке бычак сайгандан кийин качып кетишкен. Журналист өзү муну 10-ноябрда “Азаттыктын” азери редакциясынын сайтында жарыяланган макаласы менен байланыштырууда.

“Иран жана Глобализация доору” деген макаласында ал Ирандагы азыркы режимди “толерантсыз” деп сындап, Азербайжанга каршы айтылган коркунучтарды “болбогон кеп” деп жокко чыгарган эле. Азербайжанда журналистке кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG