Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Тажикстан: Өзбекстандагы "террордук" чабуулду бирге иликтейли


Тажикстандын Темир жол компаниясы Өзбекстандын түштүгүндөгү темир жолдогу жардырууну өзбек тарап менен бирге иликтөөнү сунуш эткендигин "Азаттыктын" Тажик кызматы маалымдады.

Жардыруу 16сынан 17-ноябрга караган түнү Өзбекстандагы Галаба жана Амузаң шаарларынын ортосундагы темир жолдо орун алганын Ташкенде чыгуучу мамлекеттик «Правда Востока» гезити ишембиде жазды.

Тажик Темир жолдорунун төрагасынын орун басары Усмон Каландаров "Азаттыкка" жардыруудан Өзбекстандын аймагындагы көпүрө талкаланып, Өзбекстандын Термез шаары менен Тажикстандагы Коргон-төбө шаарын бириктирген башкы темир жолдо кыймыл үзгүлтүккө учураганын бышыктады.

Каландаровдун айтымында, тажик Темир жол компаниясы иликтөөнү чогуу жүргүзүү сунушу менен Өзбекстандын мамлекеттик темир жол компаниясына кат жөнөттү. Каландаровдун сөзү боюнча, тажик тарап бул террордук чабуул болду деген жана башка маалыматтар боюнча фактыларды билгиси келет. Өзбек тарап али жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG