Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Египеттин өкмөтү отставкага арыз берди


Баш калаа Каирдин борбордук Тахрир аянтында кагылыштар үчүнчү күн уланган дүйшөмбү күнү Египеттин өкмөттүк кабинети толугу менен кызматтан чегинүүгө арыз берди.

Кабинеттин маалымат катчысы Мохаммед Хегази Куралдуу күчтөрдүн Жогорку кеңеши отставкага макул болгонго чейин премьер-министр Ессам Шарафтын өкмөтү ишин уланта берээрин бышыктады.

Өз билдирүүсүндө бийликтеги аскердик кеңеш өлкөдөгү саясий күчтөр менен кризистик сүйлөшүү баштоону сунуш этти. Саясий күчтөрдүн коалициясы Тахрир аянтында бүгүн да демонстрация өткөрүүгө чакырууда.

Акыркы үч күндө бул аянтта коопсуздук күчтөрү менен кагылыштарда 20дан ашык кишинин окко учканы кабарланууда.

Активисттер аскердик кеңештен бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG