Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

КТРК жөнүндөгү мыйзамга каршы ачкачылык жарыяланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. Анын айтымында, Коомдук телерадио жөнүндө мыйзам 50 пайызга жетпеген депутаттардын катышуусунда, чукул убакыт ичинде кабыл алынып калган. Ал КТРК жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарууну, болбосо парламенттин тарашын талап кылууда. Ачкачылык акциясы бүгүн эртең менен Жогорку Кеңеш алдында башталып, депутаттардан жооп болгонго чейин уланат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш кабыл алган "Коомдук телерадио корпорация жөнүндө" мыйзамга президент Роза Отунбаева кол койбой, каршы пикирин билдирген эле. Бирок парламенттин депутаттары президенттин каршы пикирин көпчүлүк добуш менен ашып өтүп, 18-ноябрда мыйзам кабыл алынган.

"Коомдук телеканал тууралуу" мыйзам күчүнө кирсе, учурда иштеп жаткан Байкоочу кеңештин курамы тарайт. Анын ордуна 15 адамдан турган жаңы Байкоочу кеңеш шайланат. 15 адамдын бешөө Жогорку Кеңештин фракциялары тарабынан сунушталууга тийиш. (КЕ)

XS
SM
MD
LG