Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

24-мартты майрам күнү деп атоодон баш тартуу сунушталууда


Жогорку Кеңештин Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитети 24-мартты Кыргызстанда майрам күнү катары белгилебей эле коюу сунушун айтууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" парламенттен билдиришти. Тиешелүү мыйзам долбоору азыр жазылып жатат, жакында жалпы парламенттин талкуусуна чыгарылат.

Аталган комитеттин төрагасы Дастан Бекешев жакында Жогорку Кеңештин жыйынында 24-мартты майрамдоонун актуалдуулугу жоктугун айткан болчу.

2005-жылдын 24-мартында өлкөдө бийлик алмашкан. Эки жарым жылдан кийин жаңы бийлик бул күндү Элдик революция күнү деп жарыялаган. Былтыр ал бийлик да кетип, 7-апрелде өлкө жетекчилиги алмашкан. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш 7-апрелди эскерүү датасы, Элдик революция күнү катары белгилөө боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. (RK)

XS
SM
MD
LG