Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Бишкектеги митинги уланууда


Дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Жогорку Кеңеш алдындагы митинги бүгүн да уланууда. Бул тууралуу энелер "Азаттыкка" кабарлашты. Күндүн суугуна карабай алар талаптарынын аткарылышын өтүнүп, ушу тапта балдары менен парламенттин алдында турушат. Кээ бирлеринин денеси ысып, ооруп калганы да айтылууда.

Буга чейин маалымдалгандай, 12 эне 14-ноябрда Оштон Бишкекке келип, өлкө жетекчилиги алдына 5 талап коюп турушат.

2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу ийне менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат.

Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан убада кылынган 1,5 миллион сомду бөлүү маселеси чечиле элек.

Учурда ВИЧке чалдыккан балдардын саны Кыргызстанда эки жүздүн тегерегинде. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG