Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Отунбаева Колумбия университетинде дарс окуду


Президент Роза Отунбаева Нью-Йорктогу Колумбия университетинде ачык лекция өттү. Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстанда 2010-жылдын апрель айынан берки өзгөрүүлөр туурасында айтып берди. Президент болуп өткөн президенттик шайлоо туурасында да сөз кылып, мамлекеттин тарыхында алгачкы ирет бийлик тынч жол менен алмашып жаткандыгын айтты. Отунбаева сөзүн аяктаган соң университеттин студенттери жана окутуучулары суроолорун беришти.

Аудиторияны Кыргызстандын жана жеке Отунбаеванын эл аралык мамилелердин бир катар маселелери жана республикада демократияны андан ары өнүктүрүү боюнча позициясы кызыктырды.

Ошондой эле Кыргызстанда былтыркы июнь трагедиясынан кийинки улуттар аралык ынтымакты чыңдоого байланышкан суроолор берилди.

АКШ президенти Барак Обама ушул Колумбия университетин бүтүргөн. 21-ноябрда Роза Отунбаева Нью-Йоркко иш сапары менен барган. (RK)

XS
SM
MD
LG