Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

ВИЧ жуккан балдардын энелери парламент жыйынына катышабыз дешти


Дарыгерлердин шалаакылыгынан балдарына ВИЧ инфекциясы жуккан 12 эненин парламент алдындагы митинги бүгүн да уланды. Алар парламенттин жыйынына катышууну өтүнүшүүдө. Митингдин катышуучуларынын бири "Азаттыкка" бүгүнкү митинг боюнча мындай деди:

- Аябай суу болдук. Балдарыбыздын байпактарын кадимкидей сыгып, келип отуруп калдык. 3-4 саат эч ким чыкпай койду. Акыры Дамира Ниязалиева чыкты. Проблемабыз бешинчи күнү парламентте чечилет деп айтты. Жок дегенде эки адамыбыз ошол жерге кирсин деп сурандык. Макул деп кетти, билбейм, киргизеби, киргизбейби...

Оштон 8 баласын кошо ала келген 12 эне 14-ноябрдан бери Бишкекте митинг өткөрүп жатышат. Алардын талаптары - 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу ийне менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартуу, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоо, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүү, Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүү, компенсация катары 1 миллион сомдон бөлүп берүү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан убада кылынган 1 миллион сомдун бөлүнүп берилүүсү азырынча чечиле элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG