Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Түркиялык кыргыз айымдын көргөзмөсү Бишкекте өтөт


25-ноябрдан 30-ноябрга чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине карата түркиялык кыргыз айым Тажигүл Күнтүздүн “Кыялымдагы кыргыз айымы” аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү өтөт.

Тажигүл Өзген Күнтүз 1958-жылы Түркиянын Кония шаарында төрөлгөн. Чоң атасы Парпибай ажы кыргыздын адигине уруусунан чыккан. Сүрөчү айым башталгыч, орто мектепти жана лицейди Түркиянын Кония шаарында бүтүргөн. 2004-жылы өмүрлүк жолдошун, балдарын Кыргызстанга алып келип, туугандары, мекени менен тааныштырган. Жети жылдан бери жеке сүрөтканасында эмгектенип, жаш сүрөтчүлөрдү тарбиялап келүүдө.

Ал кыргыз аялдарынын кийимдеринин түрлөрүн жана аларда камтылган түрдүү сырларды чагылдырган 25 сүрөт алып келди. (RK)

XS
SM
MD
LG