Кыргызстандагы жаза өтөө жайларында өндүрүш жандана баштады. №2 аялдар абагында тигүү цехи жана соядан сүт өндүрүү ишке кирди. №3 күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө наабайкана иштеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов билдирди. Кыргызстандагы отуздан ашуун жабык жайда 12 миңдей адам бар. (ZKo/RK)