Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Эрдоган Сирия лидерин бийликтен кетүүгө кайра чакырды


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Сирия президенти Башар Ассадды кайрадан бийликтен кетүүгө жана анти-өкмөттүк демонстрацияларды кан төгүп басууну токтотууга чакырды. Режеп Тайып Эрдоган Анкарада башкаруучу АК партиясынын жыйынында сүйлөп: "Сен эгер өз элине каршы өлөр-өлгөнчө согушууну каалаган кимдир бирөөнү көргүң келсе, нацисттик Германияга, Муссолиге, Румыниядагы Николае Чаушескуга кара. Мындан сабак албасаң, өз элине тапанча кезеп, сен сыяктуу сөздөрдү айтканы үчүн 32 күн мурда өлтүрүлгөн Ливиянын лидерин көр", - деди.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Адам укуктары боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында Ассаддын режиминин сегиз айдан берки элдик козголушту күч менен басуусун айыптаган резолюциянын долбоору талкууланат. БУУнун эсеби боюнча, марттан бери Ассаддын башкаруусуна каршы жүрүп жаткан толкундоолор маалында аскерлер 3,5 миңден ашуун адамдын өмүрүнө зобун келтирген.

XS
SM
MD
LG