Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Сербия менен Косовонун сүйлөшүүсүндө жылыш бар


Брюсселдеги сүйлөшүүдө Сербия менен Косово бири-биринин дипломдорун таанууга макулдашышты. Бирок эки делегация Косовонун сербдер басымдуулук кылган түндүгүндөгү бажы талашын сөз кылышкан жок. Европа Биримдиги арачы түшкөн диалог сентябр айында бажы маселесинен улам токтоп калган эле. Кийинки сүйлөшүү 30-ноябрда белгиленди. Албандар басымдуулук кылган Косово Сербиядан 2008-жылы өз алдынчалык жарыялаган, бирок Сербия буга макул болгон эмес. Брюссел эгер Сербия Европа биримдигине талапкер болгусу келсе, Косово менен алакасын жакшыртышы керек деп талап кылууда. Талапкерлик маселеси келерки айда чечилиши керек.

XS
SM
MD
LG