Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Египеттин армиясы бийликти өткөрүүнү тездетүүгө сөз берди


Египеттин бийликтеги куралдуу күчтөрү президенттик шайлоо келерки жайда өткөрүлөрүн жарыялады. Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңешинин жетекчиси Маршал Мохамед Хуссейн Тантави өкмөттүн отставкага кетүү арызын кабыл алганын, парламенттик шайлоо келерки аптада өтөрүн бышыктады:

- Парламенттик шайлоо өз убагында өтөт, президенттик шайлоо 2012-жылдын июнь айынын этегине чейин өткөрүлөт. Жогорку Кеңешке баш ийген куралдуу күчтөр өлкөнү бийлөөнү максат кылбайт жана мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору койот. Эгер эл ушуну кааласа, армия жоопкерчиликти дароо өткөрүп берип, өзүнүн башкы милдетине – мамлекетти коргоого кайтып келүүгө даяр. Эгер зарыл болсо, мындай өзгөрүштү жалпы улуттук референдум аркылуу жүргүзсө болот.

Анын аралыгында миңдеген киши Каирдин борбордук Тахрир аянтында аскер башчыларынан бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берүү талабы менен нааразылык акциясын улантууда.

Расмий маалымат боюнча, ишембиден берки толкундоолордо аз дегенде 24 кишинин өмүрү кыйылып, 1200дөн ашыгы жараат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG