Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

ЭКОпол түзүү маселеси Тегеранда талкууланып жатат


Экономикалык кызматташтык уюмуна (Еconomic Cooperation Organization (ECO) кирген өлкөлөрдүн ички иштер министрлери бүгүн кызматташтык маселелерин талкуулап жатышат. Жыйын Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстандан министрдин орун басары Бактыбек Алымбеков катышууда.

Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш аймагында кылмыштуулукка, баңгиликке, мыйзамсыз миграцияга, адам аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланууда. Күн тартибиндеги негизги маселелердин арасында ЭКОпол (ECO уюмунун бирдиктүү полициясы) уюмун түзүү да бар. Интерпол сыяктуу мындай уюмду түзүү демилгеси Ирандын Ички иштер министрлиги тарабынан былтыр сунушталган болчу.

ECOго Кыргызстан, Иран, Ооганстан, Пакистан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG