Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

КТРК мыйзамы боюнча ачкачылык акциясы аяктады


“7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун КТРК боюнча мыйзамга каршы жарыялаган ачкачылык акциясы аяктады. Бул тууралуу "Азаттыкка" ал өзү кабарлады. Кечээ Токтонасыров Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин кабыл алуусунда болгон.

Токтонасыров Кыргызстан президенттин инаугурациясына даярданып, коалиция маселеси кызуу талкууланып жатканына байланыштуу жана мыйзам күчүнө кире тургандай болуп калгандыктан өзүнүн акциясын токтотууну чечти.

Буга чейин Жогорку Кеңеш кабыл алган "Коомдук телерадио корпорация жөнүндө" мыйзамга президент Роза Отунбаева кол койбой, каршы пикирин билдирген эле. Бирок парламенттин депутаттары президенттин каршы пикирин көпчүлүк добуш менен ашып өтүп, 18-ноябрда мыйзам кабыл алынган.

"Коомдук телеканал тууралуу" мыйзам күчүнө кирсе, учурда иштеп жаткан Байкоочу кеңештин курамы тарайт. Анын ордуна 15 адамдан турган жаңы Байкоочу кеңеш шайланат. 15 адамдын бешөө Жогорку Кеңештин фракциялары тарабынан сунушталууга тийиш. (КЕ/RK)

XS
SM
MD
LG