Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Алиевдин өлүмүнө шектүүлөрдүн адвокаттары акыйкатчыга кайрылышты


Милициянын полковниги Уран Алиевдин өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан Азиз Качыбеков жана Бакыт Сыдыковдун адвокаттары акыйкатчыдан жардам сурашты. Аларга карата милиция тарабынан куугунтуктоо жүрүп жатканы айтылды.

Жакында эле күнөөлөнүүчүлөр кыйноолорго кабылып жатышканы айтылган. Адвокаттар сурак учурунда күнөөлөнүп жаткандарга карата күч колдонулуп жатканын айтып, Жогорку Кеңешке арызданышкан. Депутаттар бул ишти Баш прокуратурага көзөмөлгө алууну тапшырышкан.

Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыш иштерине каршы күрөшүү боюнча аймактар аралык башкармалыктын башчысы Уран Алиев 2005-жылдын 5-апрелинде Ош шаарында атылып өлтүрүлгөн. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG