Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Баткенде ВИЧке кабылгандар саны 58ге жетти


Баткенде ВИЧке кабылгандардын саны 58ге жетти. Мындай маалыматты облустук акимчиликтен “Азаттыка” билдиришти. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде Баткен облусу боюнча ВИЧ алып жүргөндөр 46 болсо, быйылкы жылы 58ге жетти. Алардын көпчүлүгү, тагыраак айтканда 38и Кызыл-Кыя шаарында. Эки балага ВИЧ Ноокаттагы жана Оштогу ооруканаларда дарыгерлердин шалаакылыгынан жуккан. ВИЧке чалдыгуунун алдын алуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн облус бийлиги бир ай бою аймактарда, билим берүү мекемелеринде спорттук мелдештерди, конкурс жана талкууларды уюштурат. Кыргызстанда ВИЧти алып жүргөн адамдардын саны үч миңден ашты. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG