Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

БУУнун кыйноолор боюнча баяндамачысы Кыргызстанга келет


Декабрдын экинчи декадасында Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча баяндамачысы келет. Бул тууралуу 22-ноябрда Нью-Йоркто «Asia Society» форумунда сүйлөгөн сөзүндө президент Роза Отунбаева айтты. БУУнун баяндамачысы кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу боюнча келет. Отунбаеванын айтымында, Кыргызстандын абактарында кыйноолорду токтотуу боюнча бир топ иштер жасалууда. Бул багытта прокуратура органдарынын ролу жогорулады. Тергөө абактарында атайын видеокамералар ортонулуп, кыйноо жасаган күч кызматкерлери жоопко тартыла баштады.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстандагы жабык жайларда, айрыкча тергөө абактарында жана убактылуу кармоочу жайларда кыйноо фактылары көп болот. Өзгөчө мындай учурлар Ошто жана Жалал-Абадда былтыркы улут аралык жаңжалдан кийин көбөйгөнү айтылып келет.

Кыргызстан кыйноолорго каршы эл аралык документтерге кошулган.

«Asia Society» форуму АКШнын эл аралык жана улуттук саясат маселелерин изилдөө боюнча алдыңкы талдоо борборлорунун бири болуп саналат. (RK)

XS
SM
MD
LG