Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, таланттуу акын, журналист Алик Акималиев бүгүн 55 жаш курагында күтүүсүз ажалдан дүйнө салды. Ал 1957-жылы 19-ноябрда Кетмен-Төбөнүн Акчий-Карасуу айылында туулган. Кыргыз улуттук университетин 1985-жылы аяктаган. 1982-жылы «Бала мышык», 1989-жылы «Күнөстүү элет» поэтикалык китептери «Мектеп»,«Адабият» басмаларынан жарык көргөн. 200дөн ашык ар кыл публицистикалык макалалардын автору болгон. “Азаттык” радиосунун эмгек жамааты акындын жакындарына, үй-бүлөсүнө көңүл айтат. (RK)