Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

БУУ: Ооган өкмөтү гендердик зомбулукту жоюу мыйзамын жакшы аткарбайт


Ооган өкмөтү аялдарды зордук-зомбулуктан коргоону караган мыйзамды аткарууда ийгиликке жетише элек. Бул тууралуу БУУнун баяндамасында айтылат. 2010-жылдын мартынан ушул жылдын мартына чейин ошол мыйзамда айтылган кылмыштар боюнча 594 иш козголгон. Бул – аялдарга зомбулук көргөзүлгөнү катталган окуялардын 26 процентин гана түзөт. Прокурорлор 155 факт боюнча гана айып тагышкан. Кээ бир учурларда жабыркаган аялдарды арыздарын кайтарып алууга мажбурлашат, же иш салттуу кеңештердин арачылыгы менен жөнгө салынат. Полиция зомбулуктун курмандыгы болгон аялдардын даттанууларына көпчүлүк убакытта көңүл кош мамиле кылышы да докладда белгиленет. Мыйзам зомбулук катары аялдарды зордуктоо, күчкө салып күйөөгө берүү жана аялдарды сатуу фактыларын аныктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG