Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Түркмөн президенти Кытайдын башчысы менен жолугушту


Түркмөн президенти Гурбангули Бердимухамедов Кытайга барды. Визиттин жүрүшүндө түркмөн газын Кытайга сатуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлаары күтүлүүдө. Бүгүн Бердимухамедов президент Ху Цзинтао менен жолугушту. Долбоорго ылайык, Түркмөнстан жылына 65 миллиард куб метр газ импорттоп турат. Бул - Кытай былтыр керектеген газдын жарымынан көбүн түзөт. Эртең Бердимухамедов түркмөн газын түштүк Кытайга ташый турган 8 миң 700 киломтерлик куурдун ачылыш аземине катышат.

Бээжин Түркмөнстандын мунай жана газ тармагы үчүн зарыл жабдыктарды сатып алуу үчүн кредитти кеңейтмекчи.

XS
SM
MD
LG