Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Бахрейн падышасы: кан төгүүлөргө жооптуулар жазаланат


Бахрейндин падышасы Хамад бин-Иса ал-Халифа антиөкмөттүк чыгуулар маалындагы кан төгүүлөр үчүн жооптуу аткаминерлер кызматтарынан алынат жана жазаланат деп билдирди. Бул тууралуу ал февраль жана март айларындагы окуяларды иликтеген комиссиянын тыянагы жарыяланганда айтты. Комиссиянын корутундусунда белгиленгендей, туткундарга ашыкча күч колдонуу, аларга ыдык көргөзүү учурлары катталган жана 5 киши кыйноолордон көз жумган. Комиссия Ирандын нааразылык ацияларына тиешеси жок деген жыйынтыкка келди. Бахрейн Тегеран демонстрацияларга тукуруп жатат деп айыптаган эле. Падыша Хамад андай кайгылуу окуялардын кайталанбашы үчүн бар аракетин жумшаарына ишендирип, мыйзамдарды эл аралык стандарттарга төп келтирүү керектигин белгиледи.

Жазгы көтөрүлүштө суни династиясынын башкаруусундагы Бахрейндин шийи мусулмандары укуктарын кеңейтүүнү талап кылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG