Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Быйыл 94 окуучу өз жанын кыйган


Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү боюнча бөлүм башчысы Дамира Кудайбергенова 23-ноябрда мектептердеги зордук-зомбулуктун себебин талкуулаган жыйында билдирди. Анын айтымында, мектеп окуучуларынын арасында өз өмүрүн кыйгандардын саны көбөйүүдө. 2009-жылы ушундай 76 учур катталса, быйыл 94кө жеткен. Өз өмүрүн кыйгандар 8-9-класстагы окуучулар арасында көбүрөөк байкалат. Буга бир себеп катары айрым колунда жок ата-энелердин балдарына керектүү кийим-кечек, окуу куралдарын сатып бере албаганы көрсөтүлүүдө. Анткени башка окуучулар арасында басынып, өспүрүмдөр өз жанын кыйганга барышат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG