Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Кыргызстан Өзбекстанга 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатат


Эки тараптуу келишимге ылайык, Ташкенге сатыла турган бир килловатт электр энергиясынын баасы 3.37 цент болмокчу. Бул 1 сом 58 тыйынга барабар. Бул тууралуу биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен энергетика министри Аскарбек Шадиевдин 23-ноябрдагы жумушчу жолугушуусунда белгилүү болду. Келишимдерди талкуулоо үчүн кыргызстандык эксперт, адистерден турган атайын топ Өзбекстанга барып келген. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Бүгүнкү күнү Кыргызстан электр энергиясын Казакстан жана Кытайга экспорттойт. 2011-жылдын 9 айынын жыйынтыгында Кыргызстан Казакстанга 2 миллиард 125 миллион кВт-саат электр энергиясын саткан. Бул 2010-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG